Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу июлдун башында жанданат

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу июлдун башында жанданат. Бул тууралуу novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга 139 кытайлык адис келди. Алар талапка ылайык, обсервацияга жаткырылды. Жумушчулар карантинге чейин токтотулган тилкелерде курулуш иштерин улантат. Аргасыз киргизилген чектөөлөрдөн улам, иштер кечигүү менен жүргүзүлөт. Азырынча курулуш качан аяктайт, белгисиз.