Кара-Кече көмүр кенине жакын жерде  жер массасы дагы эле жылып жатат

Кара-Кече көмүр кенине жакын жерде  жер массасы дагы эле жылып жатат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен окуя болгон жерге жаңы айланма жол салынат.

 

Трассанын узундугу болжол менен 3,5 чакырым болот, куруу иштерине техника Ат-Башы районунан жана Талас, Ысык-Көл облустарынан тартылат.

 

Эске салсак, кечээ Жумгал районунда тоо көчтү. Жыйынтыгында, Дыйкан айылын “Кара-Кече” көмүр кенинин “Борбордук” деген тилкеси менен байланыштырган стратегиялык жол тосулуп калды.  Учурда тазалоо иштери жүрүүдө.