“Сосновка” түйүнүндө оор жүк ташыган унааларга кайрадан чектөө киргизилди

Ош-Бишкек унаа жолунун “Сосновка” түйүнүндө оор жүк ташыган унааларга кайрадан чектөө киргизилди.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, мындай чечим бүгүн түшкү саат 12де кабыл алынды.

Оор жүк ташыган айдоочулар үчүн жол эртең менеки саат 8де ачылган.

Бирок алар ашууда тыгын пайда кылышты, — деп айтылат маалыматта.

Учурда тыгынды жоюу иштери уланууда.

Ал эми чектөө аба-ырайы турукташканга чейин күчүндө болот.