Бүгүнкү күнгө карата 200 миңден ашык адам бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Бүгүнкү күнгө карата 200 миңден ашык адам бирдиктүү салык декларациясын тапшырды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, алардын ичинен 49 миң 333 юридикалык жак, 72 миң 951 жеке ишкер, 37 миң 527 жеке жак, 9 миң 276 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 32 миң 637 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Белгилеп кетсек, жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктайт.