“Сосновка” өткөрүү постунда учурда чектөөлөр жок. Бул тууралуу novosti.kgге Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Түйүндөн жүк ташуучу жана жеңил машинелер эч тоскоолдуксуз өтүп жатат. Бирок кечинде аба-ырайынын шарттары дагы бузулса, жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилет. Бул Бишкек-Ош жолунда тыгындарды жана кырсыктарды алдын алуу үчүн киргизилген чара.