Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашуулары кыймылга ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда кар тынбай жаап, калыңдыгы 8 сантиметрге жетип калды.
Жеринде жолчулар иштеп, трассаны кардан тазалап, инерттүү материалдар менен сээп жатат. Тыгындардын жана авариялардын алдын алуу үчүн ошондой эле жол инспекторлору тартылды.