Жалал-Абад шаарында Жусупбек Бакиев көчөсү кеңейтилүүдө

Жалал-Абад шаарында Жусупбек Бакиев көчөсү кеңейтилүүдө.

 

“Турмуш” басылмасынын маалыматына ылайык, учурда анын кеңдиги 8 метрди түзөт. Оңдоо иштеринен кийин 14 метрге жетет. Курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

 

Долбоорду ишке ашыруунун баасы 35 миллион сомду түзөт. Мэриядан белгилешкендей, Жусупбек Бакиев көчөсү 30 жылдан бери калыбына келтириле элек.