Кыргызстандын футбол боюнча курамасы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагындагы калган беттештерин кийинки жылы өткөрөт. Эске салсак, биздин команда Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия курамалары менен биргеликте F тобунда ойнойт.
Азыркы ткандоодо кыргызстандык футболчулар 3 жолугушуу өткөрдү. Буга чейин беттештер пандемияга байланыштуу которулган болчу. Эми 7-8-турдун оюндары 2021-жылдын 9-10-июнунда өтөт.