Сузак районунда 4 адамдан сибирь жарасы аныкталды.
Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык карантин жана
өзгөчө коркунучтуу инфекциалар борборунун бөлүм башчысы
Кубанычбек Бектурдиев билдирди. Анын айтымында, 8 адам илдетке
шектелип ооруканага жаткырылды. 4 адамдын анализи даяр болсо,
калгандарынын жыйынтыгы эртең билинет. Ошондой эле байланышы бар
20 адам аныкталды. Учурда алар көзөмөл алдында. Белгилүү болгондой,
алардын бары ооруган уйду союуга катышкан.