Учурда коронавируска байланыштуу кырдаал өтө коркунучтуу эмес

Учурда коронавируска байланыштуу кырдаал өтө коркунучтуу эмес.

Катаал карантин талаптарын киргизбей эле абалдан чыгып кетүүгө бардык күч жумшалат, — деп

билдирди президент Садыр Жапаров. Өлкө башчы белгилегендей, жарандарга ковидге каршы

вакцина алуу сунушталат. Бул үчүн райондук борборлорго кайрылса болот. Ооруканага оор абалда

түшкөндөр өз алдынча үйдөн дарылангандар. Андыктан, жарандарда вирустун белгилери байкалса

дароо дарыгерлерге кайрылуу сунушталат. Эске салсак, буга чейин биринчи вице-премьер-министр

Артем Новиков дагы карантин киргизилбей турганын жарыялап,

карантинди өлкө экономикасы көтөрө албайт, — деп түшүндүргөн.