Кыргызстанда медициналык бет кап кымбаттабайт.
Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинде фармацевтикалык
фирма өкүлдөрү менен кеңешме өттү. Иш-чарада дарыканалардагы бир жолу
колдонулуучу медициналык бет каптар жана вирустарга каршы дары-дармектердин
көлөмүн тактоо, алардын баасын жогорулатпай, сыртка экспортко чектөө киргизүүгө
эскертүүлөр берилди. Учурда Кыргызстандагы дарыканаларда бет кап жана
вируска каршы дары-дармектер жетиштүү өлчөмдө.
Алардын орточо баасы 5 сомдон сатылууда.