Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жана Чапчыма ашууларында унаалардын жүрүү коопсуздугун сактоо иштери күчөтүлдү.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трассанын тоолуу аймактарындагы тилкелердеги кардын
калыңдыгы 8 сантиметрге жетет. Жолчулар унаалар жүрө турган тилкелерди кардан арылтып, инерттүү
материалдарды себишүүдө. Айдоочуларга азырынча алыскы сапарга чыгуудан баш тартуу сунушталат.
Зарыл болсо жанында тайгактыкка каршы шаймандар болушу зарыл