People басылмасы 2020-жылдын адамы деп ырчы Селена Гомести атады

People басылмасы 2020-жылдын адамы деп ырчы Селена Гомести атады. Журнал анын чыгармачылыгындагы ийгиликтерин гана баалабастан, жарандык позициясын жана бир катар суроолордогу жеке пикирин дагы эске алды.

 

Белгилеп кетсек, Селена Гомес АКШдагы расисстик кыймылга каршы чыккан активист Алисия Гарзеге 195 миллион катталуучусу бар инстаграм баракчасын убактылуу аянт катары тапшырып берген.