Баткен облусунда “Исфана-Кайрагач өткөрүү түйүнү” жолунун курулушу уланууда

Баткен облусунда “Исфана-Кайрагач өткөрүү түйүнү” жолунун курулушу уланууда. Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун айтымында, негизги иштер аягына чыгып калды. Учурга карата жол белгилерин орнотуу, аялдамаларды тургузуу жана жөө жүрүүчүлөр өтмөгүн чийүү жумуштары жүрүп жатат.

 

“Исфана – Кайрагач өткөрүү түйүнү” трассасынын жалпы узундугу 32 чакырымды түзөт.