Төө-Ашууда оор жүк ташыган унааларга киргизилген чектөө алынды

Төө-Ашууда оор жүк ташыган унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Ош жолунда кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө

 

. Эске салсак, Сосновкада жүк ташыган машинелердин өтүшүнө чектөө кечээ түнкү саат 10:30дар чамасында аба ырайына байланыштуу тыгындарды болтурбоо үчүн киргилизген.