ИИМ оң рулдуу унаалар менен такси айдоого тыюу салууну сунуштоодо

Ички иштер министрлиги оң рулдуу унаалар менен такси айдоого тыюу салууну сунуштоодо.

Документтин авторлору мындай чаралар оор кесепеттерге алып келген кырсыктарды алдын алуу үчүн зарыл экенин белгилешет.

Мындан тышкары, ведомство автобустарга чектөөлөрдү орнотууну милдеттүү кылууну сунуштап жатат.

Башкача айтканда, аппаратсыз транспорт линияга чыгарылбайт.

Бул эрежеге сегизден ашык жүргүнчү орундуу жана беш тоннадан ашкан автобустар кирет.

Токтом долбоору талкууга коюлду.