Бишкек: шамалдан эки бала, 19 билим берүү мекемеси жабыркады

Бишкек шаары жана Чүй облусунда катталган катуу шамалдан улам ордо калаада эки бала жабыркады. Алардын абалы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

 

Мындан тышкары, алдын ала маалымат боюнча Бишкекте 25 турак үйдүн, Чүй облусунда алты социалдык мекеменин жана 15 үйдүн чатыры учуп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Ошондой эле мэрия катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси — 11 мектеп жана сегиз бала бакча жабыркаганын маалымдады. Алардын көбүнүн чатырлары талкаланып, мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар кулаган.

 

Учурда келтирилген материалдык чыгымды тактоо иштери жүрүүдө.