Бийлик Бишкектин абасынын сапатын жакшыртуу боюнча планды бекитти

Бийлик Бишкектин абасынын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын планын бекитти. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, документ ордо калаанын экологиялык абалын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

 

План булгануу проблемаларын чечүүгө багытталган кечиктирилгис жана натыйжалуу чараларды ишке ашырууга жардам берери белгиленген.

 

Мындан тышкары, абанын сапатын жакшыртууга багытталган кийинки чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзөт.