Түндүк-түштүк альтернативалык трассасынын курулушу уланууда. Президент администрациясынан билдиришкендей, Көк-Арт ашуусуна тиешелүү тилкеде курулуп жаткан туннелдин 2 миң 991-метринде иштер жыйынтыкталды.
Жумуштар эки тараптан жүргүзүлүүдө: түндүк жана түштүк тараптан туннелди салуу жүрүп жатат. Белгилеп кетүүчү нерсе, аталган туннель Кыргызстандагы эң чоң туннель болуп калат. Анын узундугу 3 миң 800 метр, кеңдиги – 10 метр, ал эми бийиктиги – 8,5 метрге жетет.
Ошол эле учурда коммуникациялар, ыкчам учурлар жана суу чыгаруу үчүн деп дагы бир туннель курулууда.