Кыргызстанда уй этинин баасы 1 айда эле дагы 4 сомго кымбаттады

Кыргызстанда уй этинин баасы 1 айда эле дагы 4 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

 

Андан такташкандай, декабрдын башынан бери эттин бир килограммы 478 сом болсо, учурда кыргызстандыктар этти 482 сомдон сатып алууга аргасыз.

 

Эң кымбат эт учурда Жалал-Абад, Ошто – 500 сом, ал эми эң арзан Таласта – бул жерде тургундарга эттин килограммы 421 сомдон жеткиликтүү.