Евразияда дүйнөдөгү эң узун темир жол курулду. Лаостогу темир жолду курууга 5 жыл жана 6 миллиард доллар керектелди. Жаңы транспорттук каттам буга чейинки жолдорду бириктирет. Каттамдын жалпы узундугу 18 миң 655 чакырым.
Ал Португалиянын ордо калаасынан башталып, 13 мамлекетти басып өтөт – Франция, Беларусь, Польша, Монголия, Тайланд, Кытай, Сингапур жана башка. Каттамдын башынан аягына чейин жетүү үчүн 3 жума кетет.