Түндүк-түштүк унаа жолундагы көпүрөнүн уурдалган тосмолору боюнча иш козголду

Түндүк-түштүк унаа жолундагы көпүрөнүн уурдалган тосмолору боюнча иш козголду.

 

Ички иштер министрлигинен маалым болгондой, Сузак райондук ички иштер бөлүмү аталган факт боюнча “Уурулук” беренеси менен иш козгоп, тергеп жатат.

 

Маалыматка ылайык, райондун Курманбек жана Калмак-Кырчын айылдарынан өткөн “Жалал-Абад-Казарман” унаа жолунун 364-чакырымына транспорт өтүүчү көпүрө курулган.

 

Анын каптал тарабындагы узундугу дээрлик 3 метр болгон конструкция былтыр ноябрда уурдалган. Натыйжада, жолду куруп жаткан кытайлык ишкана 200 миң сом зыян тарткан.