“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү ноябрга жылдырылышы мүмкүн

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү ноябрга жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу novosti.kgге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Андан эске салышкандай, камералар өлкө аймагында сентябрда эле орнотулмак, бирок өзгөчө абал режимине байланыштуу иштер токтотулган. Учурда адистер аныкталган тилкелерге камераларды коюу үчүн уруксат алып жатышат. Чек аралар ачылгандан кийин керектүү жабдууларды жеткирүү улантылат.