“Түндүкэлектр” ишканасы электр кубатын ашыкча пайдалангандар үчүн атайын тетиктерди орнотот

“Түндүкэлектр” ишканасы электр кубатын ашыкча пайдалангандар үчүн атайын тетиктерди орнотот. Бөлүштүрүүчү компаниядан билдиришкендей, жабдуу электр энергиясын керектөө 5 киловаттан ашканда күйүп кетет.

 

Эгер ал күйүп кетсе, алмаштырылганга чейин керектөөчү жарыксыз калышы мүмкүн. Белгилеп кетсек, бул “акылдуу эсептегичтер” коюла элек абоненттерге тиешелүү болот.

 

Ал эми тетикти электр тармактарына кошууда ар бир керектөөчү менен келишим түзүлүп, анда уруксат берилген кубаттуулук макулдашылат.