Кыргызстандыктар жыл башынан бери 170 миңден ашык камсыздандыруу келишимин түзүштү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жалпы сумма 700 миллиард сомго теңелди.
Ал эми камсыздандыруу компаниялары 6 миң полис боюнча 148 миллион сом төлөп берди. Белгилеп кетүүчү нерсе, жарандар басымдуу учурларда чукул кырдаалдардан жана ар кандай ооруларда өздөрүн камсыздайт. Ал эми турак-жай камсыздандыруу тескерисинче азайды.