Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кызыл-Кыя унаа жолу” жана “Өзбекстан унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү 3 күнгө жабылат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кызыл-Кыя унаа жолу” жана “Өзбекстан унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү 3 күнгө жабылат. Бажы кызматынан билдиришкендей,  1-декабрдан 3-декабрга чейин түйүндөрдө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

 

Бул күндөрү жарандар “Достук унаа жолу” пункту аркылуу өтсө болот. 4-декабрдан тарта эки өлкө ортосундагы түйүндөр кадимки тартипте ишин жандантат.