Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборунун директору шайланды

Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборунун директорунун жана кызматкерлеринин сынактык тандоосу болуп өттү. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Координациялык кеңешинин чечими менен Бакыт Рысбеков директор болуп шайланды.

 

Сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча координациялык кеңеш тарабынан бош кызмат орундарына дайындоо үчүн Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директоруна төмөнкү кызматкерлер сунушталды:

 

  • Алдын ала баруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы – Бактыбек Касымкулов;
  • Координациялоо, уюштуруу жана аналитикалык иштер бөлүмүнүн бөлүм башчысы – Аскар Суюмбаев;
  • Алдын ала баруу бөлүмүнүн эксперти – Аляскар Мамытов;
  • Координациялоо, уюштуруу жана аналитикалык иштер бөлүмүнүн эксперттери – Полина Калугина,
  • Баатыр Кемелбеков, Айжаркын Маматова;.
  • Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык өкүлчүлүктүн эксперти – Уланбек Бакиров.