Данир Иманалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын кеңешчиси болуп дайындалды

Данир Иманалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын кеңешчиси болуп дайындалды. Маалыматты аталган комиссиянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

 

Ага ылайык, Данир Иманалиев БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын атынан дайындалганы маалымдалат.

 

«Негизи жардамчылардын, кеңешчилердин кызмат орду — патронаттык кызмат болуп саналат. Ошондуктан аларды мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн дайындай алат» , — дейт басма сөз кызматкери.

Маалым болгондой, Данир Иманалиев 2016-жылы Ысык-Көл районунун администрациясынын башчысы-акими кызматына дайындалган. 2020-жылдын август айында өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
https://www.super.kg/kabar/news/336125/