Түркияда өткөн дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар 58 медаль багындырды

Түркияда өткөн дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар 58 медаль багындырды. Дене-трабия жана спорт департаментинен билдиришкендей, кыргызстандыктар спорттун 14 түрүнөн катышып, 16 алтын, 17 күмүш жана 25 коло медалга ээ болду.

 

Медалдардын басымдуу бөлүгү Алыш бел боо күрөшүнө таандык. Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталып, 2-октябрда жыйынтыкталды. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышты.