Жалал-Абадда ишкерлер куруп жаткан футбол академиясы ушул жылы пайдаланууга берилет. Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
Акыркы технологияларды колдонуу менен тургузулуп жаткан академияда 7 жаштан 17 жашка чейинки 200гө жакын бала билим алат.
Мындан тышкары, 18 жаштан жогорку балдардан турган эки команда машыктырылат.
Анда үч чоң жана эки кичи-футбол аянтчасы, жабык спорт зал, унаа токтотуучу жай, ашкана жана жатакана болот.