Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт.
“Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин
Сүйөркулов, Байтик баатыр, Дачный, Керченский, Чокморов, Москва, Ибраимов,
Гоголь, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Аламүдүн-1 кичи районунда,
Жогорку Төкөлдөш, Арча-Бешик, Ак-Босого жана Келечек конуштарынын
айрым тилкелеринде электр энергиясы жок болот.
Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.