Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда жабыркагандарга убактылуу жайгаштыруу үчүн жылуулатылган чатырлар орнотулуп жатат

Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда жабыркагандарга убактылуу жайгаштыруу үчүн жылуулатылган чатырлар орнотулуп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Аларда жарандар үйлөрү курулганча жашап турат. Мындай чатырларда меш бар жана жылуулукту сактоо үчүн сырты кийиз менен капталган.

 

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жалпысынан 640 турак-жай жабыркап, анын 430 жараксыз абалга келди, дагы 210 үй калыбына келтирүү иштерине муктаж.