Быйыл Бишкек ЖЭБинин оңдоо иштерине 520 миллион сом каралды

Быйыл Бишкек ЖЭБинин оңдоо иштерине 520 миллион сом каралды. Жылуулук-энерго борбордун директору Андрей Воропаевдин айтымында, аткаруучу компаниялардын өкүлдөрү коронавируска кабылып, каражаттын 69 пайызы гана өздөштүрүлдү.

 

15 буу казандын үчөөсүн калыбына келтирип, дагы биринде толук кандуу ремонт жүргүзүү керек. Бардык жумуштар сентябрдын аягына чейин жыйынтыкталат. Ал эми октябрда турбиналар сыноо режиминде ишке киргизилет, — деди Воропаев.