Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна чектөөлөр кирди

Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна байланыштуу бир катар чектөөлөр кирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады. Ашхабадда мамлекеттик мекемелердин аял кызматкерлерине “көңүл бурдуруучу элементтери бар көйнөктөрдү кийбейм” деген тил кат алынып жатат. Мурдараак мындай талаптар башка аймактарда киргизилген.

 

Айымдар мындан ары косметиканы колдонбошу керек. Аларга мындан ары чачын боёого, маникюр жасоого, жинсы шымдарды кийүүгө жана денесине чапташкан көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салынат. Анын ордуна салттуу узун кийимдерди жана баш кийимдерди кийиши керек. Аялдар эгер чапталган тырмактары жана өстүрмө кирпиктери болсо, аны жок кылып, боёлгон чачтарын кайрадан кара түскө боёшу керек. Андай кылбагандар иштен бошотулары айтылды.

 

Бул чечимдер атайын буйрук чыкпай эле аткарылып жатат. Өлкө бийлигинен расмий тапшырма келген эмес. Аткаминерлер соңку чектөөлөр боюнча дү комментарий берүүдөн баш тартууда. Талаптарды аткарууну жергиликтүү бийликтер жана мекемелердин жетекчилери көзөмөлгө алып жатат.

 

Аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна карата катаал чектөөлөр Түркмөнстанда апрелден тартып кире баштаган. Аймактардын биринде полиция кызматкерлери сулуусулук салондоруна кирип, мындан ары боток жасоого, жүздөгү тырыштарды жазууга, кирпик өстүрүүгө, эриндерди чоңойтууга жана чапталчу тырмактарды колдонууга тыюу салынганын эскертишкен. Талапты аткарбаган салондорго ири көлөмдө айып пул салынып, жетекчиси 15 суткага чейин камалары айтылган. Майдын башынан тартып чектөөлөр башка райондорго да тарады.

 

Түркмөнстанда мартта бийликке мурдагы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухамедов келгенден кийин түркмөн жарандарынын, айрыкча аялдардын тышкы келбетин көзөмөлдөө күчөдү. Жакында өлкөдө айрым косметикалык операцияларга, маселен төштүн пластикасына же татуажга тыюу салынган. Көчөдө жасалма тырмак жана кирпик чаптап алгандарды кармоо учурлары көбөйгөнү кабарланууда.