ТҮРКСОЙ 2023-жылды “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Бурса шаарында ТУРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 39-жыйыны өттү.

Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТҮРК-ПА уюмунун катышуусунда болуп, анда 2023-жылы түрк дүйнөсүндө масштабдуу белгилене турган иш-чаралар талкууланды.

Кыргызстандын атынан советтик кыргыз театр жана кино актрисасы СССРдин эл артисти, Кыргыз ССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгы белгилөө сунушу киргизилип, ал бир добуштан колдоо тапты.