Долон ашуусун кардан тазалоо иштери жүрүүдө.
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-чакырымында инерттик материалдар себилүүдө.
Белгиленгендей, аталган тилкеде учурда кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт.
Мындан улам, айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн ала жүрүү сунушталат.