Төрт жашар бала эң жаш жазуучу катары Гиннестин рекорддор китебине кирди

Бириккен Араб Эмираттарында төрт жашар бала дүйнөдөгү эң жаш жазуучу катары Гиннестин рекорддор китебине кирди.

 

Саид Рашид аль Мехри 1 миңден ашуун нускада басылып, сатылган жомок жазган.

 

Ага боорукердик жана достук жөнүндө китеп жазууга рекордсмен улуу эжеси түрткү болгон. Ал да сегиз жашында эки тилде китеп чыгарган дүйнөдөгү эң жаш жазуучу.