Кыргызстан алтындын запасын көбөйттү

Кыргызстан 16 тоннадан ашык алтындын запасына ээ жана алтын-валюта запастары боюнча баалуу металлга ээ болгон ТОП-100 өлкөнүн катарында дүйнөдө 67-орунда турат. Мындай маалыматтарды Дүйнөлүк алтын кеңеши берди.

 

Улуттук банктын алтын-валюта резервинин түзүмүндө баалуу металлдын үлүшү 36 пайызды түзөт. Өткөн жылдын ортосунда бул көрсөткүч 22,5 пайыздан бир аз көбүрөөк болгон.