Президент башкы прокурор Зулушев менен министр Тургунбаевге сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Лицензиялоо боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканын жазган.

 

Президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия кийлигишүү аракеттери тууралуу маалыматтарды изилдеп чыгып, андагы фактылар чын экенин аныктаган.

 

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн Зулушев менен Тургунбаевге сөгүш жарыялады.