Россия өкмөтү отставкага кетти

Россия өкмөтү отставкага кетти. Премьер-министр Дмитрий Медведев президенттин Федералдык жыйындагы кайрылуусунан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткенин жар салды.   Бул президент Владимир Путиндин Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш киргизгенине байланыштуу.  Өлкө башчы Медведевге Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болууну сунуштады. Ал эми премьер-министрликке  учурда… Кененирээк…

Чек арадагы абалды турукташтыруу максатында өткөн жыйында 6 протоколго кол коюлду

Чек арадагы абалды турукташтыруу максатында өткөн жыйында 6 протоколго кол коюлду. Аларга 15-февралга чейин 114 чакырым чек ара аймагын аныктоо, Баткен районунун жана Исфана шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди тактоо кирди. Ошондой эле жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 1-мартка чейин иштеп чыгуу… Кененирээк…

Шыкмаматовун ордуна келген Нурбек Сыдыгалиев парламентте ант берди

Жакында эле Жогорку Кеңештен мандат алган Нурбек Сыдыгалиев ант берди. Ал «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келди.   Эске салсак, «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестиктен улам партиядан кеткенин айтып, мандатын тапшырган. Андан… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 4 миллиард 503 миллион сомду түздү

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 4 миллиард 503 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ноябрына карата экендигин Каржы министрлиги билдирет. Маалыматка караганда, бир айда карыз төлөмдөрү 27 миллионго азайды. Барынан көп, тагыраагы 1,5 миллиард доллардан ашыгы кытайдын Эксим банкынын алдында. Карызды чегерүүдө өлкөнүн жарандарынын 3… Кененирээк…

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрөт

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу  өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага жалпы 188 журналист аккредитациядан өттү. Республикалык массалык маалымат каражаттарынан жана Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган чет өлкөлүк журналисттер болот, — деп айтылат маалыматта. Белгилеп кетсек, президенттин маалымат жыйыны Бишкектеги… Кененирээк…

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарындагы Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышты. Анда чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн тышкары КМШ мамлекет башчыларынын расмий эмес жолугушуусу өттү. Анын алкагында 11 документке кол коюлду. Анын катарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу макулдашуусу да… Кененирээк…

Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти. Өлкө башчы Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынына катышат.  Анда чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн тышкары КМШ мамлекет башчыларынын расмий эмес жолугушуусу өтөт.   Кыргызстандан барган делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн… Кененирээк…

Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына талапкерлиги жактырылды

Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына талапкерлиги жактырылды. Жыйын жабык эшик режиминде өтүп, ага Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети добуш берди. Тандоодо комитеттин 12 мүчөсү колдоп, бир депутат каршы добуш берди. Белгилеп кетсек, аталган кызматты мурда Кылычбек Султан аркалап келген.

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков кармалды

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тастыктады. Маалыматка караганда, экс депутат Кой-Таштагы Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда массалык башаламандык уюштуруу жана укук коргоо кызматкерлерин барымтага алууга тиешеси бар деген айып тагылууда. Белгилеп кетсек, саясатчы буга чейин дагы суракка… Кененирээк…

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президент аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык 6 макулдашууга кол коюлду. Алар билим берүү, маданий кызматташтык, туризм, айыл чарба жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү да бар.