Ишкер Имамидин Ташов бир айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шектелип, кармалган ишкер Имамидин Ташовдун бөгөт чарасын карап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 22-майга чейин камакка алды.

 

Атайын кызмат аны 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган.

 

УКМК Ташов “бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган” деп маалымдады. Учурда тергөө жүрүп жатат.