Таласта бир сутка бою манас айтуу иш-чарасы өтүп жатат

Бүгүн, 4 -декабрда «Манас Ордо» комплексинде «Манас» күнү салтанаттуу башталды. Ага вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бусурманкулов, манасчылар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты.
Иш-чара «Семетейдин Таласка кайтып келиши» театрлаштырылган көрсөтүү менен башталып, манасчылардын манас айтуусу менен уланууда.
Манас айтуу бир суткага уланып, 5 — декабрь күнү саат 11:00 дө аяктайт.
«Манас» күнүнө карата өтүп жаткан иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен өткөрүлүүдө. Келечекте мындай иш-чараны башка аймактарда да өткөрүү пландалып жатканын министрликтен кабарлашты.