Кыргыз драмтеатрды оңдоо иштери уланууда

Кыргыз драмтеатрды оңдоо иштери уланууда. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, имараттын терезелери алмаштырылып, жаңы жылытуучу система орнотулуп жатат. Кайра калыбына келтирүү иштери өткөн жылы башталып, үстүбүздөгү жылдын соңунда аягына чыгат.

 

Кыргыз драмтеатрын оңдоого республикалык бюджеттен  84,5 миллион сом бөлүнгөн.