Бишкектеги тарых музейин Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландалып жатат

Бишкектеги тарых музейин Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландалып жатат.

Бул тууралуу “Кабарга” маданият министри Кайрат Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда маданий мекемени ачууга даярдык көрүлүп жатат.

Эске салсак, тарых музейи 2016-жылы оңдоо иштери үчүн жабылган.

Андан бери объектинин ачылышы бир нече ирет жылдырылды.

Оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда Башкы прокуратура каражаттын

мыйзамсыз сарпталышы боюнча кылмыш ишин бир катар беренелер боюнча козгоду.