Жаңы жылда көп акча коротпоо жолдору менен каржылык кеңешчи бөлүштү

Жаңы жылда көп акча коротпоо жолдору менен каржылык кеңешчи бөлүштү. Александр Доржиевдин айтымында, жакындарга белектерди эртелеп алып коюу сунушталат.

 

Бул учурда буюмдар кымбаттай элек болот. Ал эми майрамдык дасторкон жаюуда аша чаппай, жегиликтүү тамактарды гана даярдаш керек. Аларга бардыгы жакшы көргөн бир-эки салат, бир тоюмдуу тамак кирет.

 

Менюну дагы эртелеп түзүп алып, ошого жараша азык-түлүктү эртерээк алып койсо жакшы болот, — дейт эксперт.