Темирлан Сманбеков Ысык-Көл драма театрына жетекчи болду

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрына эмгек сиңирген артист Темирлан Сманбеков жетекчи болуп дайындалды.

Маалыматты аталган театрдан билдиришти.

Ал буга чейин Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору болуп иштеген.