Ордо калаада Бишкек баатырдын айкели ачылды.
Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик Эркиндик жана Чүй көчөлөр кесилишине тургузулду.
Анын скульптору Адил Сейталиев. Монументти тургузууга 8 миллион сомдон ашык жумшалды.
Сумма марафондо чогултулган. Эске салсак, айкелдин ачылышын былтыр
31-август — Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүү пландалган.
Бирок пандемиядан улам курулуш иштери мөөнөтүнөн кечикти.