Жалал-Абад жана Баткен облустарына ички аба каттамдарды жандандыруу пландалууда.
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык,
Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча каттам 15-сентябрдан баштап,
жумасына бир жолу — шейшемби күнү ишке ашыруу каралууда. Ал эми
Бишкек — Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча учактар 18-сентябрынан баштап,
жумасына бир жолу — жума күнү жүргүзүлөт.