Токмок шаардык ооруканасынын инфекциялык бөлүмү оңдолот. Медициналык жайды кайра калыбына келтирүүгө 12 миллион 411 миң сомго тендер жарыяланды.
Бул суммага дарылоочу корпус жана лаборатория капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Белгилеп кетсек, буга чейин Токмоктун 3-кичи районунда жайгашкан бейтапканасы ремонттолуп, анда убаклытуу инфекциялык оорукана орун алган. Ал 216 орунга чакталып, 45 миллион сомго оңдолгон болчу.