Президенттикке талапкерлерди жылдыруу башталды. Бул тууралуу novosti.kgге БШКнын басма-сөз кызматынан билдиришти. Арыздарды кабыл алуу 14-ноябрга чейин жүргүзүлөт, андан кийин талапкерлер 30 миң добуш берүүчүнүн колун чогултушу керек.
Кол коюлган кагаздар 3-декабрга чейин кабыл алынат. Андан кийин каттоо процедурасы башталып, ал 14-декабрга чейин уланат.
Ал эми 15-декабрга үгүт кампаниясы старт алат. Эске салсак, Кыргызстан президентин шайлоо 15-январда өтөт.